Экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов кармалганын УКМК билдирди.
Атайын кызмат Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузулган фактылар аныкталганын маалымдады.
"Тергөө иштеринин алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К., подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат кабарда.
Депутаттык мезгилинде Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комитетинин мүчөсү болгон Сулайманов кызматынан пайдаланып, материалдык пайда көрүү үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын илгерилетүү аркылуу ага колдоо көрсөтүү уюштурган деп шектелүүдө.
Шаирбек Ташиев кармалды