Депутат УКМК мамлекетке алган мүлктөр боюнча элге маалымат берүүнү талап кылды

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМК тарабынан мамлекетке алынган мүлктөр боюнча элге маалымат берүүнү талап кылды.
Эл өкүлү коомчулукта түшүнбөстүктөр жаралып жатканын айтты.
"Мыйзамдуубу же мыйзамсызбы? Бул боюнча элге ачык-айкын маалымат керек болуп жатат. Анткени соттун чечимисиз эле алынган мүлктөр кайтарылабы же жокпу, мыйзамдуу талаага кайтып келебизби же кайтпайбызбы деген суроолор болуп жатат", — деди Сурабалдиева.
Депутат айым бул боюнча УКМК же президенттин администрациясы маалымат бериши керек деп эсептейт.
Ишкерлердин мамлекетке өтчү мүлкүн ыйгарып алган. УКМК кызматкерлерине иш козголду