БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Мамлекеттик автомектептерде теориялык окуунун баасы 19 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Жол кыймылына уруксат берүү институту" мамлекеттик ишканасынын директору Аваз Шүгүрбеков билдирди.
Анын айтымында, бул суммага практикалык сабактар кирбейт. Практикалык окутуунун бир сааты орточо 1 000 сомду түзөт. Окуу программасында 70 саат практика каралган.
Ошентип болжолдуу эсеп менен практикалык сабактарга эле 70 миң сомго жакын каражат талап кылынат. Теория менен кошкондо жалпы окуу баасы дээрлик 90 миң сомго жетиши мүмкүн.
Буга чейин маалымдалгандай, мамлекеттик автомектептер теорияны окутса, жеке автомектептер практиканы үйрөтөт. Ошол эле учурда окутуу процессине толук көзөмөл мамлекеттин колунда болот.