БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ак илбирс 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) талисманы болуп тандалды. Бул тууралуу ДКОнун Эл аралык катчылыгынан билдиришти.
Иш-чара 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өтөт. Оюндардын спорттук программасына улуттук спорттун 43 түрү киргизилген.
ДКОго 100дөн ашуун өлкөдөн үч миңден ашык спортчу катышат. Маданий иш-чаралардын байге фонду 4 миллион сомду түзөрү маалым.