БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бейшембиде аба температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү ыктымал.. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 24…29, Талас облусунда 20…25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 26…31, Ысык-Көл чөлкөмүндө 14…19, Нарын өрөөнүндө 17…22 градус жылуу болот.
Термометр Бишкекте 26…28, Ош шаарында 28…30 градусту көрсөтөт.