Күлкү жанрлардын оору катары сыпатталат. Көрүүчүнүн маанайын көтөрүп ошол эле убакта коомдогу актуалдуу темаларды ачып берүү чынында оңой эмес. Муну өз кезегинде кыргыздын каймактары Сүймөнкул Чокморов, Чыңгыз Айтматовдор да айтышкан.
Ошого карабай кыргыз сатирасы жашап келет. Кино сыяктуу эле кыргыз сатирасынын да алтын доору болгон. Ал эми учурда заман өзгөрдүбү же көрүүчүнүн табитиби айтор сатира жанры да өзгөрүп кеткендей.
Азыркы көрүүчү эмнеге күлөт? Ага кандай сатира керек? Сатира жаратуучулары замандын күрөө тамырын кармап турушабы? Бүгүнкү "Кеменгер" уктуруусунда белгилүү куудул, КРдин эл артисти Келдибек Ниязов менен кеп кылдык.