Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу кийинки бир нече жылда чектелген режим менен иштейт. Автожолдо унаа кыймылы үчүн июнь айынан ноябрь айына чейин уруксат берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирди. Адистин айтымында, бул график 2027-2028-жылдарга чейин күчүндө болот. Негизги жол толугу менен бүткөрүлүп, жол чырактар жана жол белгилери орнотулуп, туннель иштери аяктаган, автожол жаратылыш кооптуулугу жогору болгон аймактар аркылуу өтөт. “Бул жаңы жол болгондуктан, таш кулоо, сел жана кар көчкү коркунучу сакталган тилкелер бар. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн коргоочу курулмалар каралган. Беш курулманын курулушу 2025-жылы башталган: эки көпүрө жана үч галерея. Бул иштерди ушул жылы аяктоо пландалууда”, - деп түшүндүрдү Чойбеков.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Рахат Жунушбаева 2029-жылы Экономикалык кызматташтык уюмунун туристтик борбору деп жарыяланган Каракол шаарында тарыхый имараттардын бузулуп жатканын билдирди. Анын айтымында, туристтер Караколго заманбап имараттар үчүн эмес, тарыхый жайларды көрүү үчүн келишет. Бирок учурда шаардагы тарыхый имараттардын так саны белгиленген эмес. "Негизи Караколду XIX кылымдын аягы XX кылымдын башындагы уникалдуу архитектураны сактап калган шаар-музей десек болот. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө шаардагы уникалдуу имараттар бузулууда, биз буга күбө болуп жатабыз. Шаарда тарыхый имараттардын так саны белгиленген эмес.", — деди эл өкүлү.
Бишкекте ЖОЖдордун "Россиядагы билим берүү — 2026" көргөзмөсү башталды. Ага Россиянын ар кайсы шаарындагы алдыңкы делген 27 университет катышып жатат. Окуучуларга, абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине окууга өтүүнүн жол-жобосу, билим берүү программалары жана окуунун шарттары тууралуу маалымат берилүүдө. Келгендер окуу жайлардын өкүлдөрү менен бетме-бет жолугуп, кызыккан суроолорун бере алышат. Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев көргөзмө окуу боюнча эле эмес, жашоо шарты, коопсуздук маселеси жана карьера жасоо боюнча маалымат алууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Көргөзмө Бишкектен тышкары Кара-Балта, Кант жана Токмок шаарларында да өтөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз. Иш-чара 3-апрелге чейин созулат.
Украинанын үч командирине, алардын ичинде өлкөнүн Аскердик чалгын кызматынын мурдагы башчысы Кирилл Будановго* Херсон облусунда теракт жасоого байланыштуу сыртынан айып тагылды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.Буга чейин россиялык тергөөчүлөр жаңы жыл түнү Украинанын Куралдуу күчтөрү Хорлы айылындагы кафе менен мейманканага үч учкучсуз учуучу аппарат менен кол салганын аныкташкан."Экспертиза ар бир дрондун жарылуу күчү 25 килограмм тротилге барабар экенин көрсөттү. Өрт чыгаруучу таасирин күчөтүү үчүн дрондор кошумча күйгүзүүчү аралашма заряд менен жабдылган", — деди Бас