Инновациялык долбоорлор аркылуу жаштардын потенциалын ачуу

Sputnik
Кыргызстанда «Студенттик стартап» пилоттук программасы жаштардын инновациялык идеяларын колдоодо маанилүү демилгеге айланды. Акыркы жылдары ар түрдүү багыттагы долбоорлор көбөйүп, өлкөнүн инновациялык потенциалын өнүктүрүүгө салым кошууда.
Программанын алкагында 2025-жылы 10 студенттик стартап-долбоор гранттык колдоого ээ болду. Алар айыл чарба, IT, экология жана социалдык багыттарды камтыйт.
Адистердин айтымында, мындай демилгелер жаштарды ишкердикке тартууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Бул тууралуу «Спутниктен сүйлөйбүз» программасында мейманыбыз Сапарбек Ормонов айтты. Ал эми студенттер жеңишке жеткен стартап долбоору тууралуу кенен маалымат беришти.