Ак илбирс – жаратылыштын мурасы: Чоң-Кеминде өтө турган ЭкоФесттин экологиялык мааниси

Sputnik
Кыргызстанда ак илбирсти коргоо жана жаратылышты сактоо маселеси акыркы жылдары өзгөчө мааниге ээ болууда. Бийик тоолуу аймактардын символу болгон бул жаныбардын саны азайып кетүү коркунучу адистерди жана коомчулукту тынчсыздандырууда. Мындан тышкары, экологиялык тең салмактуулукту сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана туруктуу туризмди өнүктүрүү маселелери да күн тартибинде турат.
Ушул багытта Чоң-Кемин өрөөнүндө «Ак илбирс ЭкоФест – Кемин 2026» фестивалын өткөрүү пландалууда. Адистердин айтымында, мындай иш-чаралар жаратылышты коргоого көңүл бурууга, жаштардын экологиялык аң-сезимин жогорулатууга жана коомчулукту активдүү катышууга үндөйт.
«Спутниктен сүйлөйбүз» программасынын алкагында фестивалдын уюштуруучусу Таалайбек Мамбеталиев иш-чара тууралуу кенен айтып берди.