«Кыргызкөмүр» ишканасы 2025-жылы ишмердүүлүгүн кеңейтип, өлкөнү көмүр менен туруктуу камсыз кылуу багытында активдүү иштерди жүргүзүүдө: жаңы кендер ачылып, өндүрүш көлөмү көбөйүп, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык эрте башталды.
Бул кадамдар энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана ички суроо-талапты толук камсыз кылууга багытталган.
Көмүр өндүрүү тууралуу «Кыргызкөмүр» ААКтын башкы директорунун орун басары Рустамбек Садыралиев «Күн башат» программасында айтып берди.