Күн мурун Жогорку соттун судьялары Кеңешбек Токтомамбетов жана Качыке Эсенканов КМШ алкагындагы "Кылмыш жазаларын дайындоонун актуалдуу көйгөйлөрү" аттуу эл аралык тегерек столго катышты. Жогорку соттон билдиришкендей, онлайн форматта өткөн талкууга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Армения жана Тажикстандын сот жана илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү кошулду. Талкууда сот ишмердүүлүгүндө санариптик технологияларды жана жасалма интеллекттин элементтерин колдонуу маселелери каралды. Ошондой эле кылмыш иштеринин айрым категориялары боюнча жаза белгилөөнүн өзгөчөлүктөрү жана КМШ өлкөлөрүндө бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу талкууланды. Катышуучулар соттук практиканы өркүндөтүү, кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу жана мыйзамдарды бирдей колдонууну камсыз кылуу боюнча сунуштарды беришти. Бул кадамдар сот адилеттигинин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.
Жыл башынан бери 300 миң жаңы айдоочулук күбөлүк басылып чыкты. Бул тууралуу "Учкун" ААКтын башкы директору Бакытбек Султанов "Кабар" агенттигине билдирди. Анын айтымында, учурда дагы 300 миң күбөлүк даярдалууда. "Бүгүнкү күндө айына 200 миң айдоочулук күбөлүк чыгарылууда. Алар акыркы үлгүдөгү жабдууларда жасалып жатат. Документти даярдоо үчүн материалга 3 евро (болжол менен 300 сом) коротулат. Даярдалгандан кийинки баасы 500 сомду түзөт", — деп белгиледи ал.
Бишкек – Ош унаа жолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда оңдоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 130–146-чакырымдар (16 км ) аралыгындагы эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт. Мындан тышкары, Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка постунан Тоо-Ашуу ашуусунун түшө беришине чейинки (80–139-чакырымдар) тилкесинде коопсуздукту камсыздоочу тосмолорду алмаштыруу иштери жүрүүдө. Жалпысынан 200 даана тосмо орнотуу каралган, учурда анын 180 даанасы орнотулду. "Аталган тосмолор Бишкек – Ош унаа жолу реконструкцияланган убактан бери, дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери алмаштырылган эмес",-деп белгиленет маалыматта.
Индиянын Нью-Дели шаарында “Манас” эпосу хинди тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, котормонун бет ачары “Индия – Борбор Азия” эл аралык илимий конференциясынын алкагында өткөн. Эпосту аталган тилге которууну Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов колдоого алып, профессорлор Рамакант Двиведи жана Хем Чандра Пандейлер ишке ашырышкан. Ал эми аталган конференция 25-26-март күндөрү өтүп, ага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов, мурдагы элчиси Ирина Оролбаева, “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы катышкан. “Манас” эпосунун хинди тилине котормосу эл аралык диалогго олуттуу салым катары бааланып, академиялык изилдөөлөргө жаңы жолдорду ачат”,-деп айтылат маалыматта.