Жездесин Нарын дарыясына ыргытууга шектелген адам 12 жылдан кийин кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Нарында жездесин өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы кайниси кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы билдирди.
Ага ылайык, 2014-жылдын май айында Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын 40 жаштагы тургуну Н.А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Милиция факт боюнча кылмыш ишин ачып, издөө иштерин баштаган.
Тергөөнүн малыматы боюнча, маркум менен кайнисинин ортосунда үй-бүлөлүк чыр-чатак чыгып, мушташка айланып кеткен. Жаңжал учурунда Н.А. оор жаракат алып, андан соң Нарын дарыясына ыргытылган.
Кылмышка шектүү катары 40 жаштагы К.М кармалып, камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") менен иш козголгон.
Бул берене менен күнөөлүү деп табылгандар 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө же өмүр бою эркиндигинен ажыратылат.
Кара-Балтада психиатрдык каттоодо турган жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды