БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кремль Владимир Зеленскийдин сөзүнөн Пасха майрамына карата атышууну токтото туруу боюнча так сунуш көргөн жок. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.
Дүйшөмбү күнү Зеленский быйыл Пасхага карата убактылуу элдешүүгө даяр экенин жар салган.
"Биз окуган билдирүүлөрдөн элдешүү тууралуу так демилге-сунуш көргөн жокпуз", — деген Песков журналисттердин тиешелүү суроосуна жооп берип жатып.
Анын айтымында, Зеленский жоопкерчиликти мойнуна алып, Россия менен убактылуу элдешүү эмес, туруктуу тынчтык орнотуу боюнча бир чечимге келиши керек.
Зеленский буга чейин майрамдарга карата атышууну убактылуу токтотуу боюнча чечимдерди кабыл алып, аягына чыккан эмес. Былтыр да пасхалык элдешүү Россия президенти Владимир Путин тарабынан 19-апрелден 21-апрелге чейин жарыяланган. Кийин РФ Коргоо министрлиги бул убакыт аралыгында Украина 4 900 ирет эреже бузганын айткан.
Быйыл Пасха майрамын католиктер 5-апрелде, ал эми православдар 12-апрелде белгилейт. 2023-жылы Украинанын Православ чиркөөсү Жаңы Юлиан календарына өтүү тууралуу чечим кабыл алган.