Улуттук банк 178,9 млн. доллар сатып, эң ири интервенция жүргүздү

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кечээ Улуттук банк валюта рыногунда 178,9 миллион доллар сатты. Бул жыл башынан берки бешинчи жана эң ири интервенция болду.
Жалпысынан Улуттук банк 725,45 миллион доллар сатты. Өткөн жылы жөнгө салуучу орган валюта рыногуна сегиз жолу кирип, 853 миллион доллар саткан.
Улуттук банк, адатта, валютанын кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу же рыноктогу чет элдик валютанын жетишсиздигин толуктоо үчүн акча сатат.
Сом Кыргызстанда басыла баштады. Жапаров бул тарыхый күн экенин айтты