Лавров Россиянын Жакынкы Чыгышта ортомчулук кылууга даярдыгын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Россия Перс булуңундагы кризисти дипломатиялык каражаттар менен жөнгө салуу үчүн ортомчулук жана башка жардамдарды көрсөтүүгө даяр. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды.
"Аскердик күчтү Иранда болобу же бул кырдаалдан олуттуу зыян тартып жаткан араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине кирген өлкөлөрдө болобу, жай тургундарга жана жарандык инфратүзүмгө каршы колдонуу туура эмес деп эсептейбиз. Кырдаалды саясий-дипломатиялык нукка кайтаруу жолдорун издөө аракеттеринде жаңжалдашып жаткандарга ортомчулук жана башка жардамдарды көрсөтүүгө даярбыз", — деген Лавров Эл аралык иштер боюнча кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып.
Министр Иран жаңжалынын жалпы масштабга тарап кетүү кооптуулугу бар экенин белгилеген.
"Азыр биз байкоо салып турган (Перс булуңундагы — ред.) көрүнүштүн ири масштабга жайылып кетүү ыктымалдыгы турат. Кээ бирлери аны "жаңы дүйнөлүк согуш" деп да атап жиберишти", — деген Лавров.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда. Каршылашуунун ырбап кетиши Ормуз аркылуу болчу кеме каттамынын толук токтошуна алып келди. Ал араб өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирген негизги жол эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы абал Ирандагы согуштан эмнеси менен айырмаланат. Лавровдун түшүндүрмөсү