Ноокенде бала бакчадагы бойлер жарылып, дубалдар урап түшкөн. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Ноокендеги бала бакчада бойлер жарылып, дубалдар урап түштү.
Окуянын видеосу соцтармакка тарады. Кырсык бүгүн эртең менен Кызыл-Туу айылындагы №25 бала бакчада болгон. Маалыматты ӨКМ тастыктап, жабыркагандар жок экенин кабарлады.
Жарылуунун кесепети
Видеонун авторунун айтымында, бойлер 7 жылдан бери иштеп, бир эле жолу оңдолгон. Техника эмне себептен жарылганы тактала элек.
Нарында эки кишини машина коюп кеткен кырсыктын чоо-жайы