Ржев салгылашы — Улуу Ата Мекендик согуштагы кандуу кармаштардын бири. Видео

Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында Ржев салгылашы деген өзүнчө бөлүм бар. Ар кыл маалыматтарда анда миллиондон эки миллионго чейин аскер курман болгону айтылат.
Sputnik
1943-жылы 31-мартта Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы эң кандуу кармаштардын бири болгон, 14 айга созулган Ржев салгылашы бүткөн.
Бул тилкеде Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясы немецтердин "Борбор" деп аталган армиясынын үчтөн бирин кудуретсиз кылып кармап турган. Сөз кылып жаткан кармаш 1942-жылдын 8-январында башталып, бир жылдан ашык мезгилге созулган. Аталган жердеги согуш немец аскерлерин Сталинграддын алдына же Кавказ жакка жиберүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес, образдуу айтканда, колу-бутун бууп койгон.
"Талкаланып, сынган беш-алты дарак, тымтыракайы чыккан үйдүн соо калган дубалы жана чакан дөңсөө үчүн айыгышкан кармаш жумалап жүрүп жатты", — деп жазган аскердик кабарчы Илья Эренбург.
Дал ушул Ржевдин алдындагы согушта советтик аскерлер немецтердин эшелондогон коргонууларын бузганды жана камалоочу топторду колдонууну үйрөнгөн. Кызыл армия жүз миңдеген жоокеринен ажыраган, бирок алардын каны бекеринен төгүлгөн эмес.
"Ржев салгылашы Улуу Ата Мекендик согуштагы башка кармаштардын көлөкөсүндө калып келет. Бирок бул жер кийинки муундардын эстеп, эскерип, таазим кылып жүрүшүнө татыйт", — деген 2020-жылы РФ лидери Владимир Путин Ржев мемориалын ачып жатканда.
...1943-жылдын 3-мартында Ржевди Батыш фронтунун аскерлери бошотуп, 31-мартта Ржев Вяземский плацдармы алынган. Бул салгылашты батышка жылдырып, Москвага жаралган коркунучту жок кылган.
Расмий маалыматтарда 1942-1943-жылдары Ржевдин алдында бул канды булоондо миллиондон ашуун советтик жоокерлер, офицерлер курман болгон делет. Ал эми бейрасмий маалыматтарда Ржев согушунда эки миллиондон ашык аскер курман болгону айтылат.