Бишкектеги мамлекеттик айдоочулук мектепте онлайн-окутуу башталды

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкекте мамлекеттик автомектепте онлайн-окутуу башталды.
Ошондой эле жол кыймылына катышууга уруксат берүүчү институт ишке кирди, ал айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендерди кабыл алат.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришкендей, баары бир имаратта, Горький көчөсү, 142 дарегинде жайгашкан. Келечекте мындай мекемелерди башка аймактарда да ачуу пландалууда.
Биринчи кабатта сынактар жасалма интеллектинин жардамы менен алынат. Ал видеокөзөмөл алдында өтөт. Ал эми экинчи кабатта сабактар онлайн-форматта болот.
Курстар эки тилде жеткиликтүү. Окуу мөөнөтү — 10 ай, баасы — 19 миң сом.
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт