Бекешев Кыргызстанда төрөттү көбөйтүүнүн жолун сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “балага сүйүнчү” жөлөк пулунун өлчөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады.
Анын пикиринде, бул Кыргызстанда төрөттүн көбөйүшүнө түрткү болот жана жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн керектүү нерселерди сатып алууга жардам берет.
Каржы министринин орун басары Жибек Дуйшеева 1-июлдан тартып үч жашка чейинки балдар үчүн ай сайын 1 200 сом өлчөмүндө жөлөк пул киргизилерин эске салды. Бул максатка бюджеттен 10 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт.
“Эгер биз төрөттү көбөйтүүнү кааласак, анда дал төрөт маалында берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу керек”, — деди депутат.
Дуйшеева бул маселе акыркы эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин 2027-жылга бюджет түзүү учурунда караларын айтты.
Президент Ошто төрт эм төрөлгөн бүлөгө үч бөлмөлүү батир белек кылды. Видео