Израиль террорчулукка айыпталган палестиналыктар үчүн өлүм жазасын кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Израилдин парламенти (Кнессет) дүйшөмбү күнү террорчулар үчүн адамды өмүрүнөн асып ажыратчу өлүм жазасын кабыл алды. Бул туурасында алардын улуттук коопсуздук боюнча министри Итамар Бен-Гвир билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал эми BBC бул палестиналыктар үчүн чыгарылганын кабарлады.
"Мыйзамга ылайык, Израилдин аскердик соту террордук деп тапкан чабуулдар үчүн соттолгон, Израиль басып алган Батыш жээктеги палестиналыктар 90 күндүн ичинде асып өлтүрүлүүгө тийиш. Балким, ал мөөнөт 180 күнгө узарышы мүмкүн, бирок ырайым кылынбайт", — деп маалыматта айтылат.
Андан мурдараак израилдик Kan мамлекеттик телерадиокомпаниясы мыйзам еврейлик террорчуларга да тиешелүү деп жазган.
"Кнессет террорчуларды өлүм жазасына тарта турган мыйзам кабыл алды. Колдоого алынган мыйзам долбоорунун редакциясында ал адамды асуу жолу менен жүзөгө ашары айтылган. Мыйзам еврейлик террорчуларга да тиешелүү", — деп анда айтылган.
ВВС жазган макалада ойго салган учур айтылган. Радионун белгилешинче, теориялык жактан бул мыйзам ушундай эле кылмыштарды жасаган еврейлерге да колдонулушу мүмкүн, бирок бул күмөндүү нерсе. Себеби өлүм жазасы "Израиль мамлекетинин бар экенин тануу" максатында чабуул жасалган учурларда гана каралган. Ал эми израилдиктер үчүн сот өлүм жазасын өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырууга укуктуу.
Мыйзамды ашынган оңчул күчтөрдүн өкүлдөрү активдүү лобби кылышкан. Итамар Бен-Гвир мыйзам кабыл алынгандан кийин социалдык тармакка эмоция менен пост жазган.
"Биз тарыхта калдык. Убада кылганбыз. Аны жасадык", — деген ал.
Россия палестин элине Тынчтык кеңеши аркылуу 1 млрд доллар бөлүүгө даяр