"Эч ким тирүү кайтпайт". Иран Трампка кооптуу эскертүү берди

Иран АКШнын аймактык континенталдык бөлүгүнүн үчтөн бирин түзөт жана калкы 93 миллионго чамалап барат. Аналитиктердин айтымында, Вашингтон согушка салып жаткан азыркы аскердик күчтөрү менен Тегеранды алууга мүмкүн эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. —Sputnik. Эгерде АКШ Харк аралын басып алууну кааласа америкалык аскерлердин тагдыры Ирандын колунда калат. Бул туурасында аталган өлкөнүн вице-президенти Мохаммад Реза Арефтин айтканын РИА Новости жазды.
"Трамп (АКШнын президенти ред.) куралдуу күчтөрүн Харк аралына жиберүү чечимин гана кабыл ала алат, бирок аскерлер кайра кетчү учур келгенде аны биз чечебиз. Себеби тозоктон үйүнө эч ким кайтпайт", — деген ал.
Шаршембиде New York Times басылмасы аталган аймакка Пентагон эки миң аскерден турган десант түшүрүүнү пландап жатканын кабарлаган эле. Алар 82-аба десантчыларынын дивизиясы дешкен.
Кийинчерээк контингент 50 миңге чейин көбөйө турганы маалымдалган. Газетанын жазганына таянсак, алар Иран жете ала турган аймакка жайгашары айтылып, бирок кайсы жер экени көмүскө калган. Болжол менен аскерлер Харк аралын алууга катышат же жөө аскерлердин башка операцияларына көмөк көрсөтөт деп айтылууда.
Аскердик эксперттер 50 миңге жетсе да аскерлердин саны бул масштабдуу кампания үчүн аздык кыларын белгилешти. Иран АКШнын аймактык континенталдык бөлүгүнүн үчтөн бирин түзөт жана калкы 93 миллионго чамалап барат. Аналиктиктердин айтымында, сөз болуп жаткан өлкөнү мындай контингент менен басып алууга же күч менен кармап турууга мүмкүн эмес.
Эске салсак, АКШ өлкөнүн нефть боюнча башкы экспорттук борбору — Харк аралын басып алуу ниетин жашырган эмес.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда. Каршылашуунун ырбап кетиши Ормуз аркылуу болчу кеме каттамынын толук токтошуна алып келди. Ал араб өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирген негизги жол эле.
Иран АКШга шарт койду. Америкалык ЖОЖдор кооптуулукта калды