Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун ачылышы дагы жылды

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2028-жылы аяктайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал көпчүлүк тилкелерде таш кулап, кар көчкү түшүп, күрткүлөр басып калган кооптуу аймактар бар экенин, жолду коопсуз кылуу үчүн кошумча курулмалардын курулушу жүрүп жатканын белгиледи.
"Элдин талабы — жолду тезирээк бүткөрүп, ишке киргизүү. Бирок толук бүтпөгөн тилкелер жүргүнчүлөр үчүн опурталдуу, кооптуу бойдон калууда. Ага карабай айдоочулар посттордо турган күзөтчүлөргө сүйлөшүп, пара берип өтүп кетип жаткан фактылар бар. Элдин талабын жана суранычын эске алуу менен ушул жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин жолду убактылуу ачуу чечими кабыл алынды. Кеч күздө ноябрь айынан баштап 2027-жылдын май айына чейин жол кайра жабылат", — деди Орунбеков.
Эске салсак, узундугу 453 чакырымды түзгөн Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад менен өтөт. Пайдаланууга берилсе өлкөнүн түштүк аймагындагылар Балыкчыга 6 саатта жетип барышат.
Жолду эксплуатацияга берүүнүн мөөнөтү бир нече жолу жылдырылды.
"Манас" аэропортуна кетчү жаңы жол салынат. Схема