СССРдин Жогорку сотундагы жалгыз кыргыз юрист — Абдыкасым Супатаев

Sputnik
Абдыкасым Супатаев — Кыргызстандын белгилүү юристи жана мамлекеттик ишмери, сот системасын түптөгөн инсандардын бири. Ал 1946–1967-жылдары ал СССРдин Жогорку сотунда иштеп, 1967–1974-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун төрагасы болгон. Ал сот реформаларын жүргүзүп, сот органдарынын материалдык техникалык базасын чыңдаган жана бирдей сот практикасын түзүүгө салым кошкон. 1972-жылы анын демилгеси менен Бишкек шаарында алгачкы сот имараты курулган.
Супатаев чынчыл, мыйзамды сыйлаган, кесипкөй юрист катары белгилүү болгон жана СССРдин Жогорку сотунда иштеген жалгыз кыргыз. 2026-жылы анын мемориалдык бюсту Бишкек шаардык сотто ачылды.
«Туяк» программасынын мейманы Гүлбара Уметова Супатаевдин өмүрү жана ишмердиги тууралуу кеңири маек берди.