Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?

Sputnik
Кыргызстанда акыркы жылдары төрөлүү көрсөткүчү төмөндөп жатканы байкалууда. Бул демографиялык өзгөрүү коомчулукта да, адистер арасында да олуттуу талкуу жаратууда. Айрымдар муну экономикалык кыйынчылыктар, миграция жана жаш үй-бүлөлөрдүн жашоо приоритеттеринин өзгөрүшү менен байланыштырса, башкалары бул узак мөөнөттүү тенденцияга айланып бара жатканын белгилешет.
Төрөлүүнүн азайышы өлкөнүн келечектеги эмгек рыногуна, социалдык системасына жана жалпы өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этет. Ушул жагдайда негизги себептерди аныктап, мүмкүн болгон кесепеттерди талдоо өзгөчө мааниге ээ.
«Көз мончок» уктуруусунун кезектеги чыгарылышында дал ушул маселени алып чыктык.