Ракка чалдыккан балдарды дарылоодо ата-эне медиктер менен чогуу иштешиши өтө маанилүү. Дарыгер менен маек

Sputnik
«Өлкөдө балдар рагы илдети көбөйүп жаткан жок, ооруну аныктоо жакшырды», - деген дарыгер бул оор кесепетке кабылган балдарды дарылоодо ата-энелердин дарыгерлер менен бир багытта иштешиши абдан маанилүү экенин айтат. Ата-эненин колдоосу, чыдамкайлыгы жана дарыгерлерге болгон ишеними менен толуккандуу айыгып, учурда турмуш куруп кеткен бейтаптары да болгонун жылуу эстеп Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков бул багыттагы көйгөйлөргө да токтолду. Анын айтымында балдардын бул илдетин дарылоого дагы деле болсо жетиштүү каражат бөлүнбөйт, кымбат баалуу дарылар тартыш жана аймактардагы медиктердин жетишпестиги да абалды курчутууда.