Нарында кайниси жездесин өлтүрүүгө шектелип 12 жылдан кийин кармалдыИзраиль террорчулукка айыпталган палестиналыктар үчүн өлүм жазасын кабыл алдыБишкектеги мамлекеттик айдоочулук мектепте онлайн-окутуу башталдыБишкекте мамлекеттик автомектепте онлайн-окутуу башталды. Ошондой эле жол кыймылына катышууга уруксат берүүчү институт ишке кирди, ал айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендерди кабыл алат. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришкендей, баары бир имаратта, Горький көчөсү, 142 дарегинде жайгашкан. Келечекте мындай мекемелерди башка аймактарда да ачуу пландалууда. Биринчи кабатта сынактар жасалма интеллектинин жардамы менен алынат. Ал видеокөзөмөл алдында өтөт. Ал эми экинчи кабатта сабактар онлайн-форматта болот. Курстар эки тилде жеткиликтүү. Окуу мөөнөтү — 10 ай, баасы — 19 миң сом.
Нарында жездесин өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы кайниси кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы билдирди. Ага ылайык, 2014-жылдын май айында Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын 40 жаштагы тургуну Н.А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Милиция факт боюнча кылмыш ишин ачып, издөө иштерин баштаган.Тергөөнүн малыматы боюнча, маркум менен кайнисинин ортосунда үй-бүлөлүк чыр-чатак чыгып, мушташка айланып кеткен. Жаңжал учурунда Н.А. оор жаракат алып, андан соң Нарын дарыясына ыргытылган. Кылмышка шектүү катары 40 жаштагы К.М кармалып, камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") менен иш козголгон. Бул берене менен күнөөлүү деп табылгандар 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө же өмүр бою эркиндигинен ажыратылат.
Израилдин парламенти (Кнессет) дүйшөмбү күнү террорчулар үчүн адамды өмүрүнөн асып ажыратчу өлүм жазасын кабыл алды. Бул туурасында алардын улуттук коопсуздук боюнча министри Итамар Бен-Гвир билдиргенин РИА Новости жазды. Ал эми BBC бул палестиналыктар үчүн чыгарылганын кабарлады. "Мыйзамга ылайык, Израилдин аскердик соту террордук деп тапкан чабуулдар үчүн соттолгон, Израиль басып алган Батыш жээктеги палестиналыктар 90 күндүн ичинде асып өлтүрүлүүгө тийиш. Балким, ал мөөнөт 180 күнгө узарышы мүмкүн, бирок ырайым кылынбайт", — деп маалыматта айтылат. Андан мурдараак израилдик Kan мамлекеттик телерадиокомпаниясы мыйзам еврейлик террорчуларга да тиешелүү деп жазган.
Владимир Зеленскийдин айлыгы 28 миң гривендин (болжол менен 52 миң рубль) тегерегинде. Бул тууралуу РИА Новости анын расмий сайтында жарыяланган декларациянын маалыматтарында көрсөтүлгөнүн жазды. Документке ылайык, Зеленский былтыркы негизги кирешесин президенттик айлыктан, банктык аманаттардан түшкөн пайыздардан, кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн тапкан. Ал эми жалпы кирешеси болжол менен жети миллион гривенди (болжол менен 13 миллион рубль) түзгөн. Ошол эле учурда Зеленскийдин акчалай активдери дээрлик өзгөргөн эмес. Декларацияда Швейцариянын банкында жайгаштырылган 342 631 евросу, 595 000 доллары, ошондой эле башка банктык эсептердеги гривен, доллар жана евро түрүндөгү акчалар көрсөтүлгөн.