Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Жаштар кеңеши түзүлдү. Кеңеш жаштардын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмушка активдүү катышуусуна көмөктөшөрү айтылды. Жогорку Кеңештин жаштар менен өз ара байланышын чыңдоо, жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жаштар саясатын өркүндөтүү, маданий өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу максатында кабыл алынды. Бул кеңеш кантип иш алып бара тургандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков айтып берди.