Бишкек шаарында кыймылсыз мүлк рыногунда акыркы айларда түрдүү динамика байкалууда. Батирлердин баасы салыштырмалуу турукташып, айрым сегменттерде арзандоо тенденциясы байкалса, жер үйлөргө болгон суроо-талап жогорулап, алардын баасы өсүүдө. Рыноктогу мындай өзгөрүүлөр сунуш менен суроо-талаптын кайра тең салмактануусунан кабар берет. Баалардын өзгөрүшүнүн негизги факторлорун Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кадастрдык баалоо секторунун башкы адиси Айдар Сукенбаев айтып берди.