Чет элдик студенттер үчүн сырттан окуу формасы жоюлат. Илим министрлиги өкмөт кесиптик орто жана жогорку билим берүү жаатындагы бир нече жобого өзгөртүү киргизгенин кабарлады. Токтом долбооруна ылайык, аталган министрликтин алдында чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору түзүлөт. Анын милдети — абитуриенттерди кабыл алуу процессин тартипке келтирүү жана аны ачык-айкын кылуу.Орто билими бар абитуриенттер үчүн сырттан окуу формасы жоюлат. Бирок магистр даражасын кошо алганда айрым программалар үчүн аралыктан жана сырттан окуу мүмкүнчүлүктөрү сакталып калууда. Мындан тышкары, айрым бюджеттик орундар кыскарып, каржылоонун гранттык системасына басым жасалат. Студенттердин милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси болушу шарт. Эске салсак, президент Садыр Жапаров былтыр Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылынан баштап жогорку билим берүү системасында сырттан окутууга чектөө киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда келерки окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө, кайсы мекемеге таандык экенине жана макамына карабастан жогорку кесиптик окуу жайлардын сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алуу токтотулары айтылган.
30-мартта министрлер кабинети менен "Шанфэн ЗЭТ цемент" ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти Маалыматка ылайык, келишим Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында суткасына 3200 тонна клинкер чыгаруу кубаттуулугуна ээ цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууну көздөйт. Инвестициялык келишимге агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров, ал эми жеке компаниянын атынан башкы директордун орун басары кол койду. Долбоорго жумшала турган инвестициянын көлөмү 137,6 млн АКШ долларын түзөт.
Кыргызстандагы асыл тукумдуу койлордун эмбриондоруна чет өлкөлөрдөн суроо-талап бар, бирок тиешелүү инфраструктуранын жоктугунан экспорттоого мүмкүн болбой жатат. Бул тууралуу Сокулукта фермерлер суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековго билдиришкенин аталган ведомстводон маалымдашты.Ишкерлер айыл чарба министрине бул кездешүүдө аталган койдун эмбрионун тоңдуруу үчүн заманбап лаборатория куруу маселесин айтышты. Билдирүүгө ылайык, Акунбеков Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы Рысбек Мамбеткуловдун асыл тукум кой чарбасына барган. Жолугушууда чарба ээлери алардын эмбрионун тоңдуруу үчүн заманбап лаборатория куруу маселесин айтышкан. Фермер беш жылдан бери ушул багытта алектенип, учурда 70ке жакын арашан тукумундагы койлорду багат. Ошондой эле фермер асыл тукум малдын санын көбөйтүү максатында жаңы сарай куруп, генетикалык сапатты жакшыртуу иштерин жүргүзүп жатканын көрсөткөн. Министр менен жолугушууда этти экспорттоо убактылуу чектелгенине байланыштуу асыл тукум малды сатууга өзүнчө шарт түзүп берүү маселесин көтөрүшкөн. Фермерлер бул койлор эт багытында эмес, селекциялык максатта сатылгандыктан ички рыноктогу эттин баасына таасир этпей турганын билдиришкен.