1-апрелге карата аба ырайы

1-апрелге караган түнү жана эртең менен айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. 1-апрель, шаршембиде, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +23...+28, Баткенде +22...+27, Талас аймагында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +15...+20 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Бекешев Кыргызстанда төрөттү көбөйтүүнүн жолун сунуштады