БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "Түндүк" ААКсы Санариптик өнүктүрүү министрлигинен президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Документ компаниянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Түндүк" мамлекеттик кызматтар үчүн мобилдик тиркеменин иштешин камсыздайт жана санариптик билим берүү, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана сот, технология системаларын бириктирет.