Сырттан окуу формасы жоюлуп, чет элдик студенттер үчүн кабыл алуу борбору түзүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Чет элдик студенттер үчүн сырттан окуу формасы жоюлат. Илим министрлиги өкмөт кесиптик орто жана жогорку билим берүү жаатындагы бир нече жобого өзгөртүү киргизгенин кабарлады.
Токтом долбооруна ылайык, аталган министрликтин алдында чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору түзүлөт. Анын милдети — абитуриенттерди кабыл алуу процессин тартипке келтирүү жана аны ачык-айкын кылуу.
Орто билими бар абитуриенттер үчүн сырттан окуу (заочное) формасы жоюлат. Бирок магистр даражасын кошо алганда айрым программалар үчүн аралыктан жана сырттан окуу мүмкүнчүлүктөрү сакталып калууда. Мындан тышкары, айрым бюджеттик орундар кыскарып, каржылоонун гранттык системасына басым жасалат. Студенттердин милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси болушу шарт.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров былтыр Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылынан баштап жогорку билим берүү системасында сырттан окутууга чектөө киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда келерки окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө, кайсы мекемеге таандык экенине жана макамына карабастан жогорку кесиптик окуу жайлардын сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алуу токтотулары айтылган.
Быйыл балдар 1-класска гана катталат. Агартуу министрлиги чоо-жайын түшүндүрдү