БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Президенттик мөөнөтү өтүп кеткен Владимир Зеленскийдин аялы Елена күйөөсү да, өзү да бийликте туруудан чарчагандыгын Fox News телеканалына берген интервьюсунда айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Зеленскаяга күйөөсү президенттик шайлоого барышын каалайбы же жокпу деген суроого узатышкан.
Украинада президенттик шайлоо зарыл болуп турганын АКШнын лидери 2025-жылы декабрда айтып, Зеленскийди "шайлоосуз диктатор" деп атаган. Анын рейтинги 4 пайызга чейин түшүп кеткенин эске салган. 2026-жылдын февралында Зеленский референдум менен президенттик шайлоону бирге өткөрүү туурасында үн катып, андан кийин бул жаатта унчукпай калган.
"Мындай абал кишини чарчатат, экөөбүз тең кыйналып кеттик деп эле айта алам", — деген канайым.
Муну менен катар эле жубайы Зеленскийдин келечектеги президенттик жарышка катышуу чечимине таасир эте албастыгын кошумчалаган.
Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылдын 20-майында бүткөн. Ошол эле жылы Украинада мамлекеттин башчысын тандоо жараянын аскердик абал менен жалпы мобилизиацияга шылтоолоп токтотуп коюшкан. Россиянын президенти Владимир Путин кырдаалга баа бере келгенде учурда өлкөдөгү мыйзамдуу бийлик парламент менен Жогорку Раданын спикери экендигин айткан.