Жыл соңуна чейин ЕАЭБде кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 2026-жылы ЕАЭБде күтүлгөн өзгөрүүлөр жана өнүгүү багыттары тууралуу эксперттер Казакстанда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө айтып беришти.
Беларустун Стратегиялык изилдөөлөр институтунун аналитиги Ольга Лазоркина бүгүнкү күндө божомолдоо кыйын болсо да биримдиктин алдына коюлган милдети аныкталганын белгиледи. Быйыл жасалма интеллектини өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурулууда.
"Аракет бар. Бул бардык маселелер дароо чечилет дегенди билдирбейт, бирок жасалма интеллект багытындагы иш активдүү жүрүп жатканы айдан ачык. Беларусь жана башка өлкөлөр бул маселени жыл сайын көтөрүп келишкен. Азыр биз жаңы деңгээлге чыктык: ЕАЭБ алкагында жасалма интеллектини жоопкерчиликтүү өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Бул — бардык эл аралык форумдарда көтөрүлүп жаткан маанилүү глобалдык тема", — деди Лазоркина.
Анын айтымында, дагы бир маанилүү багыт — евразиялык технологиялык платформаларды өнүктүрүү. Алар өнөр жай кооперациясын жана импортту алмаштыруучу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Беларусь өлкөсүнүн саясий эксперти Александр Шатько кошумчалагандай, 2026-жылдын аягына чейин ЕАЭБ алкагында мыйзамдарды бирдиктүү кылуу (унификациялоо) процесси аякташы мүмкүн. Бул улуттук укуктук системалардагы тоскоолдуктарды азайтат.
"Мындан тышкары, маданий жана тилдик байланыштарга, жаштар демилгелерине көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Бул процесстердин бирдиктүү экономикалык мейкиндикте аныкталышы маанилүү. Маданиятта жасалма интеллектини колдонуу татаал маселе, бирок аны экономикага зыян келтирбеген тармактарда пайдаланабыз деп үмүт бар, ошону менен бирге кылымдар бою калыптанган маданияттарды сактап калабыз", — деп белгиледи ал.
Жакынкы Чыгыштагы абал ЕАЭБге кандай таасир этиши мүмкүн? Эксперттик пикир