БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн катарына жакыр өлкөлөрдөн жалданма аскер тартууга өттү, алар кесипкөй жоокер эмес. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.
"Азыр көңүл жакыр мамлекеттерге бурулду. Ал жактарда адамдар акча үчүн ушундай иштерге макул болушууда. Профессионал жалданма аскерлерден көрө муктаж болгон, кандай жол менен болбосун акча табууга даяр адамдарды тартуу тенденциясы пайда болду. Бул категорияга, мисалы, колумбиялыктар жана бразилиялыктар кирет", — деди Мирошник.
Анын айтымында, бул өлкөлөрдөн келген адамдар көп учурда алдоо жолу менен Украина Куралдуу күчтөрүнө тартылып жатат.
"Көбү алданып келген. Аларды асыресе тез арада эле "жок боло турган" жерлерге айдап жатышат. Ирландиялык, британиялык же америкалыкка караганда, колумбиялык же африкалык өлкөлөрдүн өкүлдөрүн өлүмгө жөнөтүү жеңилирээк", — деп белгиледи Мирошник.
Россиянын Коргоо министрлиги буга чейин бир нече жолу Киев чет өлкөлүк жалданма аскерлерди "замбирекке жем" катары колдонуп жатканын билдирген. Ошондой эле россиялык аскерлер аларды Украинанын аймагында жок кылууну улантарын айтышкан. Акча үчүн согушка ыктыярдуу келген айрым адамдар маектеринде украин аскерлери алардын аракеттерин начар координациялай турганын, ал эми салгылашта аман калуу мүмкүнчүлүгү аз экенин моюнга алышкан.