БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы мунайды Венесуэладагыдай ыкма менен алып койсом деген каалоосун айтты. Бул туурасында Financial Times басылмасы жазды.
"Чынын айтсам, баарынан мурда Ирандагы мунайды алып койгум келип жатат, бирок АКШдагы кээ бир наадан кишилер "аны эмне кыласың" дешет. Алар — акылы жок адамдар", — деген өлкө башчысы маектешип жатып.
АКШ мунай тармагын бир аз убакытка чейин көзөмөлдөөнү көздөп январда Венесуэлада атайын операция жүргүзгөн. Азыркы Ирандагы кадамын дал ушуга салыштырып, өлкөнүн нефть боюнча башкы экспорттук борбору — Харк аралын басып алуу ниетин жашырган эмес.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда. Каршылашуунун ырбап кетиши Ормуз аркылуу болчу кеме каттамынын толук токтошуна алып келди. Ал араб өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирген негизги жол эле.