БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ош шаарында аэропортко кетүүчү дагы бир кошумча жолдун курулушу башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматта мэр Жанар Акаев Ош көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерине старт бергени айтылды. Долбоорго ылайык, Ош көчөсү Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет.
Көчөнүн жалпы узундугу үч чакырымды түзүп, туурасы 24 метрге чейин жетет. Эки тарабында жөө баскандар үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралган. Бул унаа жолу Ош эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча альтернатива жолдордун бири катары пайдаланылмакчы.