Нарында катуу келе жаткан унаа эки кишини учура коюп кетти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Нарын шаарында катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жөө бараткан эки кишини сүзүп кетти. Окуянын видеосун социалдык тармакка активист, блогер Эртай Исаков жарыялады.
Кадрлардан машинанын чоң ылдамдык менен келе жатканын көрүүгө болот. Алдындагы унаадан буйтап өтмөк болгон айдоочу каршы тилкеге чыгып, андан ары токтоно албай жол жээгинде бара жаткандарды сүзгөн. Видеодо унаа койгон жолоочулардын бири алыс барып түшкөнү байкалат.
Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусу боюнча координатору Мурат Алиаскаров жабырлануучулардын экөө тең оорукунанын жандандыруу бөлүмүндө экенин кабарлады. Сөөктөрү сынып, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Экөөнүн тең абалы оор деп бааланууда.
Каргаша боюнча укук коргоо органдары маалымат бере элек.
Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 6 адам каза болду. Видео