Нарында эки кишини машина коюп кеткен кырсыктын чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Нарын шаарында эки кишини коюп кеткен рулдагы адам Чек ара кызматында кызмат өтөгөн аскер болгон. Жабырланган 56 жана 52 жаштагы аял-күйөө оор абалда ооруканада жатканын Нарын ЖКККББден кабарлашты.
Мурдараак окуянын видеосу тарап, Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берген.
Кырсык 29-мартта кечке маал саат 18:50 чамасында калаанын 64 деп аталган аймагында болгон.
Айдоочунун көрсөтмөсүнө ылайык, жолдо токтоп турган KIA үлгүсүндөгү автоунаадан озуп өтөм деген ниетте каршы тилкеге чыгып, кырдаалды көзөмөлдөй албай, жөө бара жаткан эки кишини сүзүп алган.
"Автоунаанын айдоочусу Нарын шаарынын 2003-жылы туулган тургуну Н.Д. Нарын облустук ооруканасынын наркология бөлүмүндө текшерүүдөн өтүп, спирттик ичимдик колдонбогону аныкталган", — деп милициядан билдиришти.
Аталган факт ошол эле күнү Нарын ШИИБине катталып, териштирүү жүрүп, андан сырткары, топтолгон материалдар Балыкчы гарнизондук аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнүн айтышты.
Бишкекте май ташыган унааны сүзгөн өспүрүм айдоочу каза болду