"Бир батирде 10дон ашпашы керек". Кыргызстандагы чет элдиктерге жаңы талап

Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Министрлер кабинети чет элдиктерди каттоо тартибин өзгөртүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Ага ылайык, бир батирде катталган чет элдиктердин саны 10дон ашпашы керек. Башка өлкөдөн келген жарандарды убактылуу жайгаштырган жеке же юридикалык жактар аларды милдеттүү түрдө каттоого тийиш, ал эми чет элдиктер калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга баруусу милдеттүү эмес.
Мындан сырткары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана кайрылмандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу алышы шарт.
Документ өлкө аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүү тартибин иретке келтирүү максатында иштелип чыккан.
Сырттан окуу формасы жоюлуп, чет элдик студенттер үчүн кабыл алуу борбору түзүлөт