Бишкек менен Гуанчжоунун ортосунда ачылган каттам иштей баштады

Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкек менен Гуанчжоунун ортосунда ачылган каттам ишин баштап, "Манас" эл аралык аба майданына Кытайдан 134 жүргүнчү келип конду. Бул туурасында аталган аэропорттон кабарлашты.
Ал эми Гуанчжоуга кайра 104 киши учуп кетти.
"Манастан" бул каттамдын жүргүнчү ташууда да, жүк жеткирүүнү өнүктүрүүдө да мүмкүнчүлүгү жакшы экендигин белгилешкен.
Евробиримдик Кыргызстандан авиациялык чектөөлөрдү алышы мүмкүн