БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Баатыр энелердин балдарынын окуу акысына 50 пайыздык мамлекеттик жеңилдик берилиши мүмкүн.
Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Баатыр эне ордени менен сыйланган энелердин балдарына билим алууда жеңилдиктерди берүү жөнүндө токтом долбоору жактырылды. Ага ылайык, кесиптик жогорку окуу жайларында контракттык негизде билим алып жаткан студенттер үчүн окуу акысына 50 пайыздык мамлекеттик жеңилдик каралышы зарыл.
Талкууда финансы министринин орун басары Улугбек Календеров сунушталган жеңилдиктерди каржылоо бюджеттик тобокелдиктерди азайтуу үчүн гранттык каражаттардын эсебинен гана мүмкүн экенин билдирди.
Айрым депутаттар демилгечилерди аталган маселени тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте кайрадан карап чыгып, компромисстик вариантты иштеп чыгууга чакырышты.