БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. "Аю" компаниясынын мурунку ээси, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун өлкө башчы Садыр Жапаровго Бишкектеги "Томми молл" соода борбору тууралуу ачык кайрылуусу териштириле баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун ачык кайрылуусу тууралуу президенттик администрация кабардар. Учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", — деди ал.
Буга чейин Абдыкеримов кызынын атындагы "Томми молл" соода борбору убагында арзан баада башка адамдарга өтүп кеткенин билдирип, бул боюнча ачык жана калыс иликтөө жүргүзүүнү суранып өлкө башчысына кайрылган.
Анда УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган. Өз кезегинде Ташиевдин уулу Тай-Мурас маалыматты четке кагып, мүлктүн бир да тыйыны алардын үй-бүлөсүнө өтпөгөнүн билдирген.