БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Шейшембиде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 22…27, Талас облусунда 18…23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл чөлкөмүндө 14…19, Нарын өрөөнүндө 15…17 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 24…26, Ош шаарында 25…27 градусту түзөт.