Өлкөдө туристтердин келип, кетүүсү арбыганы менен аларга түзүлгөн инфраструктуралык шарттар, бренддерди иштеп чыгуу, бирдиктүү эрежелер, туристтик жайларды системалуу ишке киргизүү, тейлөөчү адистерди даярдоо жана башка көптөгөн иштер дың бойдон калып келген эле. Жасалганынан жасалуучу жагдайы көп туризм тармагы эми түп тамырынан бери өзгөрүп, жаңы системада иштемей болду. Ал үчүн жоопкерчиликти өкмөт өз колуна алып, жеке ишкерлер менен биргеликте өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрөт. Биз бүгүнкү "Экономикалык понарама" уктуруусунда экономист изилдөөчү Улукман Мамытов менен биргеликте аталган тармактын келечеги, мүмкүнчүлүктөрү жана өлкө казынасына түшүүчү каражатты кантип туура тартууу боюнча Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун инвестиция тартуу жана бизнес боюнча менеджери Дамир Жумаканов менен баарлаштык.