Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Президент Жапаров Садыр Жапаров “Кыргызстандын министрлер кабинети менен Беларустун өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 5-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Беларустун өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан тарабынан аткаруу болуп саналат. Макулдашуу эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерине ылайык тиешелүү Тараптын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды кабыл алууну, чыгарылууга тийиш болгон адамдарды транзиттөөнү жеңилдетүүнү жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бир кыйла тыгыз өз аракеттенүүнү жөнгө салууну карайт.
Баатыр энелердин балдарынын окуу акысына 50 пайыздык мамлекеттик жеңилдик берилиши мүмкүн. Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Баатыр эне ордени менен сыйланган энелердин балдарына билим алууда жеңилдиктерди берүү жөнүндө токтом долбоору жактырылды. Ага ылайык, кесиптик жогорку окуу жайларында контракттык негизде билим алып жаткан студенттер үчүн окуу акысына 50 пайыздык мамлекеттик жеңилдик каралышы зарыл. Талкууда финансы министринин орун басары Улугбек Календеров сунушталган жеңилдиктерди каржылоо бюджеттик тобокелдиктерди азайтуу үчүн гранттык каражаттардын эсебинен гана мүмкүн экенин билдирди. Айрым депутаттар демилгечилерди аталган маселени тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте кайрадан карап чыгып, компромисстик вариантты иштеп чыгууга чакырышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти 10-апрелинден 20-апрелге чейин борбор калаада Окуу декадасын жарыялайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара эл аралык Китеп күнүнө карата уюштурулууда. Демилгенин алкагында шаардагы бардык мектептерде жана бала бакчаларда балдардын окууга болгон кызыгуусун арттырууга багытталган маданий-агартуу иш-чаралары өтөт. Иш-чаранын максаты - өсүп келе жаткан муундун окурмандык маданиятын калыптандыруу, дүйнө таанымын кеңейтүү жана көркөм адабиятка болгон сүйүүсүн ойготуу.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал ЕАЭБ долбоорлорун ишке ашыруунун мөөнөтүнө таасир этиши мүмкүн, бирок аларды үзгүлтүккө учурата албайт. Мындай пикири менен Беларустун Стратегиялык изилдөөлөр институтунун аналитиги Ольга Лазоркина бөлүштү. Лазоркинанын айтымында, бир айга чукул созулган тирешүү жакынкы жылдарга дүйнөлүк күн тартибин аныктап койчу олуттуу геосаясий факторго айланды. Лаоркина Жакынкы Чыгыш мамлекеттери ЕАЭБдин укуктук базасынан жана жолго коюлган механизмдеринен улам уюм менен кызматташууга дилгирлигин билдирип келерин кошумчалады. "Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жеткен ийгиликтерибизди жокко чыгарып кое албайт, деген менен аларды ишке ашыруу мөөнөтү жылары шексиз", — деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.