Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
"Аю" компаниясынын мурунку ээси, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун өлкө башчы Садыр Жапаровго Бишкектеги "Томми молл" соода борбору тууралуу ачык кайрылуусу териштириле баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди."Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун ачык кайрылуусу тууралуу президенттик администрация кабардар. Учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", — деди ал.Буга чейин Абдыкеримов кызынын атындагы "Томми молл" соода борбору убагында арзан баада башка адамдарга өтүп кеткенин билдирип, бул боюнча ачык жана калыс иликтөө жүргүзүүнү суранып өлкө башчысына кайрылган.Анда УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган. Өз кезегинде Ташиевдин уулу Тай-Мурас маалыматты четке кагып, мүлктүн бир да тыйыны алардын үй-бүлөсүнө өтпөгөнүн билдирген.
Министрлер кабинети чет элдиктерди каттоо тартибин өзгөртүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.Ага ылайык, бир батирде катталган чет элдиктердин саны 10дон ашпашы керек. Башка өлкөдөн келген жарандарды убактылуу жайгаштырган жеке же юридикалык жактар аларды милдеттүү түрдө каттоого тийиш, ал эми чет элдиктер калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга баруусу милдеттүү эмес.Мындан сырткары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана кайрылмандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу алышы шарт.Документ өлкө аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүү тартибин иретке келтирүү максатында иштелип чыккан.
Ош шаарында аэропортко кетүүчү дагы бир кошумча жолдун курулушу башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады. Маалыматта мэр Жанар Акаев Ош көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерине старт бергени айтылды. Долбоорго ылайык, Ош көчөсү Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет.Көчөнүн жалпы узундугу үч чакырымды түзүп, туурасы 24 метрге чейин жетет. Эки тарабында жөө баскандар үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралган. Бул унаа жолу Ош эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча альтернатива жолдордун бири катары пайдаланылмакчы.
2026-жылы ЕАЭБде күтүлгөн өзгөрүүлөр жана өнүгүү багыттары тууралуу эксперттер Казакстанда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө айтып беришти. Беларустун Стратегиялык изилдөөлөр институтунун аналитиги Ольга Лазоркина бүгүнкү күндө божомолдоо кыйын болсо да биримдиктин алдына коюлган милдети аныкталганын белгиледи. Быйыл жасалма интеллектини өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурулууда.Анын айтымында, дагы бир маанилүү багыт — евразиялык технологиялык платформаларды өнүктүрүү. Алар өнөр жай кооперациясын жана импортту алмаштыруучу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.Беларусь өлкөсүнүн саясий эксперти Александр Шатько кошумчалагандай, 2026-жылдын аягына чейин ЕАЭБ алкагында мыйзамдарды бирдиктүү кылуу процесси аякташы мүмкүн. Бул улуттук укуктук системалардагы тоскоолдуктарды азайтат.