Кыргызстанда жергиликтүү өндүрүштү колдоого багытталган маанилүү кадам жасалды — Илим министрлиги «Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин мамлекеттик каттоодон өткөрдү. Эми бул белги расмий статус алып, өлкө ичинде да, сыртында да кыргыз продукциясынын сапатын жана келип чыгышын тастыктаган ишенимдүү символго айланат. Адистердин баамында, мындай демилге ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жол ачат. «Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына өткөндүгү, анын артыкчылыктары тууралуу сөз болду.