Чет элдик студенттер үчүн сырттан окуу формасы жоюлат. Илим министрлиги өкмөт кесиптик орто жана жогорку билим берүү жаатындагы бир нече жобого өзгөртүү киргизгенин кабарлады. Токтом долбооруна ылайык, аталган министрликтин алдында чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору түзүлөт. Анын милдети — абитуриенттерди кабыл алуу процессин тартипке келтирүү жана аны ачык-айкын кылуу. Орто билими бар абитуриенттер үчүн сырттан окуу формасы жоюлат. Бирок магистр даражасын кошо алганда айрым программалар үчүн аралыктан жана сырттан окуу мүмкүнчүлүктөрү сакталып калууда. Мындан тышкары, айрым бюджеттик орундар кыскарып, каржылоонун гранттык системасына басым жасалат. Студенттердин милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси болушу шарт. Эске салсак, президент Садыр Жапаров былтыр Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылынан баштап жогорку билим берүү системасында сырттан окутууга чектөө киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда келерки окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө, кайсы мекемеге таандык экенине жана макамына карабастан жогорку кесиптик окуу жайлардын сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алуу токтотулары айтылган.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жогорку технологиялык заманбап диагностикалык ыкмалар колдонулууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кезектеги эндоскопиялык ультраүндүк изилдөө саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин катышуусунда жүргүзүлдү. Эндоскопиялык ультраүндүк изилдөө — бул эндоскопия менен ультраүндүн мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырган жогорку маалыматтуулукка ээ ыкма. Бул технология ашказан-ичеги жолун жана айланасындагы ткандардын абалын тыкыр баалоого, ошондой эле жаңы пайда болгон түзүлүштөрдү эрте стадиясында аныктоого мүмкүндүк берет. Бул онкологиялык ооруларды өз убагында аныктоодо өзгөчө мааниге ээ. Министрликтен белгилешкендей, 53 жаштагы бейтапты текшерүү учурунда кызыл өңгөчүнөн былжыр катмар алдындагы шишик аныкталды. Изилдөө анын кистоздук, залалсыз мүнөзгө ээ экенин көрсөтүп, коркунуч жаратпай турганы аныкталып, онкологиялык патология четтетилди. Бейтапка дарыгерлер тарабынан динамикалык көзөмөл сунушталды. Зарыл болгон учурда хирургиялык кесүүсүз аз инвазивдүү эндоскопиялык жол менен алып салуу мүмкүнчүлүгү каралат.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы мунайды Венесуэладагыдай ыкма менен алып койсом деген каалоосун айтты. Бул туурасында Financial Times басылмасы жазды. "Чынын айтсам, баарынан мурда Ирандагы мунайды алып койгум келип жатат, бирок АКШдагы кээ бир наадан кишилер "аны эмне кыласың" дешет. Алар — акылы жок адамдар", — деген өлкө башчысы маектешип жатып. АКШ мунай тармагын бир аз убакытка чейин көзөмөлдөөнү көздөп январда Венесуэлада атайын операция жүргүзгөн. Азыркы Ирандагы кадамын дал ушуга салыштырып, өлкөнүн нефть боюнча башкы экспорттук борбору — Харк аралын басып алуу ниетин жашырган эмес. АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда. Каршылашуунун ырбап кетиши Ормуз аркылуу болчу кеме каттамынын толук токтошуна алып келди. Ал араб өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирген негизги жол эле.