Евразия экономикалык биримдигинин комиссиясы уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда илимий даражаларды таануу долбоорун ички кароого жиберген. Анда мамлекеттер карап чыгып өз улуттук мыйзамдарына шайкеш келтириши керек. Бирлик алкагында бул аракеттер ЕАЭБдин төрт интеграциясынын бири болгон жарандардын мүчө өлкөлөр ичинде эркин кыймылын камсыздоого багытталган. Ошону менен катар эле мындай кадамдар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илим жаатындагы алакаларын үчөтүп, тарыйба алмашууга, жаңы ачылыштарды бирдикте жасоого өбөлгө болот.
Биз бүгүнкү “Күн башат” уктуруусунда дал ушул маселени жана жалпы эле Кыргызстандагы илимдин абалын, андагы жасалып жаткан реформалар жана алдыдагы пландар тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашов менен маектештик.